• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Спикердин каты чын эле ката…Жогорку Кеңеш катасын мойнуна алды

4 Жалган куран 201913:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.03.2019. Govori.TV.

Жогорку Кеңештин Аппараты өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады. Тилекке каршы, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алган.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

«Айрым маалымат булактарында белгиленип жаткандай, бул катты Жогорку Кеңештин Төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкери даярдап, Төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күнүнө жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү жөнөкөй документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, Төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат.
Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкерге карата тиешелүү жаза колдонулмакчы. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Д. Жумабеков жана Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганын билдиребиз»,-деп айтылат маалыматтта.

Нет описания фото.

Эске салсак, социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин төрагасынын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган кайрылуу катындагы одоно каталар тууралуу талкуу болгон.

Количество просмотров: 26