Бишкек. 04.03.2019. Govori.TV.
Социалдык түйүндөрдө талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин төрагасынын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган кайрылуу катындагы одоно каталар чыныда эле кетирилгенин парламенттин басма сөз кызматы билдирген. Бул маселе боюнча өз оюн коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди:
«Түшүндүрмө натуура… Анткени бир дагы расмий документке (бул кат расмий документ катары саналат) факсимиле коюуга болбойт, ар бир документте кызмат адамы өз кол тамгасын өзү жеке коюуга милдеттүү, уят эле иш болду бул»,-деген Каптагаев.