• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Спикердин келинге сүйүнчү бергени тууралуу айрым тактоолор

17 Аяк оона 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков өзүнүн ысымы ыйгарылган ымыркайдын апасына 50 миң сом сүйүнчү пулду, буга чейин жаңылыш кабарлангандай үй-бүлөсүнүн атынан эмес, төраганын фондунан берген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы Жоомарт Максатбеков билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаранын шайлоо өнөктүгүнө, же кайсы бир партиянын үгүт-насыят иштерине байланышы жок.

«Жаңы туулган ымыркайга сүйнчү берүү улуттук наркыбызга да терең сиңген көрүнүш. Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейинки мөөнөттө парламент трибунасын өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануудан карманып, региондордо иш алып баруу жөнүндө чечим кабыл алган. Төрага мына ошол чечимдин алкагында Талас облусуна иш-сапары менен барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда социалдык объектилерди кыдырган. Андан сырткары пандемия учурунда ар кандай кыйынчылыктарды баштан өткөргөн атуулдар, медициналык мекемелердин жетекчилери менен жолуккан. Иш-сапары учурунда бир дагы атуулга, анын ичинде сүйүнчү пул берилген энеге өзү үчүн же өзүнүн партиясы үчүн добуш берүү чакырыгы болгон эмес.      төрага буга чейин дагы өзүнүн региондорго жасаган иш сапарларында төраганын фондунан муктаж үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам берип келген. Жогорку Кеңештин регламенти жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык төраганын депутат катары ыйгарым укуктары жаңы чакырыштагы ЖК депутаттары ант берип, кызматына киришкенге чейин улана бермекчи»,-деп билдирди төраганын басма сөз катчысы.

Эске салсак, 14-сентябрда социалдык түйүндөргө «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн. Анын алдында БШК «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берген.

Количество просмотров: 112