• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Спорт департаменти Мунарбектин жеке машыктыруучусу боюнча жооп берди

4 Баш оона 202414:54 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 3-августта боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарында бокс боюнча беттешип, жарым финалга чыкты. Жамал Харви аттуу америкалык мушкерди үч раунддун жыйынтыгы менен жеңди. Кийинки беттеш 8-августта өтөт.

Ал жеңишинен кийин комментарий берди. «Биз абдан кубанычтабыз. Мындан ары дагы токтобоско аракет кылабыз. Мындын ары да ийгиликтерди буйруган болсун»,- деди.

Учурда социалдык тармактарда анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин жан тартып, күйөрмандык кылып жаткан видеосу тарады. Көпчүлүк соцтармак колдонуучулары «машыктыруучусу эмнеге барган эмес?» деген суроо жаралып жатканын жазып, тренери барса, Мунарбекке ийгилик жылмаят деген ойду айтышууда.

Көпчүлүктү кызыктырган суроого Дене тарбия жана спорт департаменти жооп берди. 

«Соцтармактарда Мунарбектин жеке тренери Парижге барбай калганы талкуу болуп жаткан экен. Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы тренер аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок«,- деген маалымат беришти.

Количество просмотров: 3516