• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Спутник V» вакцинасы Кыргызстанда катталды

23 Бирдин айы 2021 14:27 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти коронавирусту профилактика кылуу үчүн «Спутник V» вакцинасына каттоо күбөлүгүн берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Вакцинанын катталышы жакынкы аралыкта коронавирус инфекциясын профилактика кылуу үчүн калкты эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Аталган вакцина Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий борбору тарабынан иштелип чыгып, Россияда 2020-жылдын август айында каттоодон өткөн.

Количество просмотров: 71