Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөн чыгып кеткени айтылды. Маалымат боюнча, Жээнбеков үй-бүлөсү менен кечээ Кыргызстандан Турцияга “Манас” аба майданынан учуп кеткен.
Ал эми экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Жээнбековдун сапары тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, экс-президент Сооронбай Жээнбеков Меккеге кичи ажылыкка – Умрага кеткен.
«Ал жубайы менен эртең менен Стамбулга учуп кетип, андан ары Джиддага (Сауд Аравиясы) жол алат. Белгилей кетсек, бул сапарга экс-президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын королунун чакыруусу менен жөнөп кетти. Бул сапарды Жээнбеков 2020-жылдын ноябрынан баштап пландаган. Пандемиядан улам зыяратчыларга кирүү чектелген жана бул сапардын процедурасына ылайык, расмий чакыруу алынуусу зарыл.
Чакыруу 2021-жылдын февраль айынын башына карата келип түштү. Кичи ажылык зыяраты 10 күндөн ашуун уланып, андан соң С.Жээнбеков Бишкекке кайтып келет», — деди ал.
Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду 2020-жылдын октябрындагы балашамандык үчүн жоопко тартуу боюнча арызды УКМК жана ИИМге жибергени айтылган.
Маалыматка караганда, октябрь окуяларында жабыркагандар түзгөн «Кыргыз үмүтү» коомдук бирикменин өкүлдөрү «аянтка чыккан элди кууп-таратуу боюнча күч органдарына тапшырма берген» деген негизде Жээнбековду жазага тартып, экс-президент деген макамынан ажыратууну талап кылууда.