• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Стамбул шаарынан 165 кыргыз жараны келди

27 Теке 202017:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу Түркиянын Стамбул шаарынан 165 жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, аталган каттам эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарын мекенине кайтаруу боюнча жетишилген макулдашуунун алкагында уюштурулду.

Количество просмотров: 139