• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Стамбулда адам өлтүрүүгө шектелген жаран Бишкектен кармалды

4 Жалган куран 2022 11:59 Бишкек Govori.TV

Адам өлтүрүүгө жана башка оор кылмыштарды жасоого шектелип издөөдө жүргөн Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында Түркиянын жараны А.И. жасалма документ менен жүрөт деген маалымат алышкан. 2022-жылдын 26-февраль күнү жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан 1984-жылы туулган А.И. кармалган. Андан М.И. аттуу Түркия жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылып алынган. Текшерүү учурунда кармалган чет өлкөлүк жаран Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынганы аныкталган. Ал Түркиянын Стамбул шаарында 2007-жылдын январь айында орун алган журналист Грант Динкти өлтүрүүгө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго катышуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү сыяктуу бир нече өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелип издөөдө жүргөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 379-беренесинин 2-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.

«2022-жылдын 28-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен А.И. №1 тергөө абагына эки айга камалды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Стамбулда «Агос» гезитинин башкы редактору Грант Динк 2007-жылы 19-январында редакциянын кире беришинде түрк улутчул Огун Самаст тарабынан өлтүрүлгөн. Киши өлтүрүү Түркияда кеңири резонанс жаратып Стамбулдун жана Түркиянын башка шаарларынын миңдеген тургундары “Баарыбыз Динкпиз”, “Баарыбыз армянбыз” деген плакаттар менен адам өлтүрүүнүн уюштуруучуларын таап, жазалоо талабы менен митингге чыгышкан. Адам өлтүрүү боюнча сот беш жылдан кийин гана аяктаган. Кылмышты жасаган ошол кезде жашы жете элек Огун Самаст 21 жыл 10 айга эркинен ажыратылган. Бул ишке 19 адам катышкан.

Количество просмотров: 216