• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Стамбулда Самарканддык Ахтамга «мыйзамдагы ууру» статусу берилди. Ага Камчы Көлбаев катышкан

17 Чын куран 201913:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.

12-апрелде Стамбулда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү саналган адамдардын чогулушу өтүп, анда Өзбек жараны Самарканддык Ахтам деген каймана аты менен крим чөйрөдө таанымал богон Ахтам Якубовго «мыйзамдагы ууру» статусун ыйгарышкан. Бул тууралуу «Прайм Крайм» агенттиги жазып чыкты.


42 жаштагы Ахтам Якубов 17 жыл бою Бириккен Араб Эмираттарында абакта олтурган жана Өзбекстандан чыккан Ташкенттик Бахти аты менен таанылган Бахтиер Кудратиллаевден кийинки «мыйзамдагы ууру» статусун алган.

Чогулушка мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөрдөн 15тей кримтөбөлдөрү катышып, 10го жакыны телефон аркылуу өз ойлорун билдирип турушкан.

Белгилүү болгондой «Танго» мессенджери аркылуу кыргыз жараны «Коля Киргиз» лакап аты менен таанымал Камчы Көлбаев да Ахтам Якубовдун кандидатурасын колдогон.


Количество просмотров: 23