• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

COVID-19дан дагы 6 бейтап каза болду

30 Чын куран 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус дагы 331 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 211, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 83, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 25, Нарын облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 268 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 172, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 71,Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 477 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 12 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1040 бейтаптын абалы орто оордукта, 354 адамдын абалы оор жана 76 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 428 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 352 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 95 миң 275 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 191 киши айыгып чыкса, 1 миң 604 адам каза болду.

Количество просмотров: 49