2022-жылдын башында бирдиктүү реестрге 1800 субъект жалпыга маалымдоо каражаты катары катталган. Акыркы 5 жылда ЖМКлардын саны 12%га көбөйгөн. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.
Билдирүүгө ылайык, учурда 177 көз карандысыз телерадиокомпания иш жүргүзөт.
Маалым болгондой, 1925-жылы 8 аталыштагы китеп басмадан чыкса, 2021-жылы 800 миң нускада 685 аталыштагы китеп (болжолдуу 54%ы кыргыз тилинде) жарык көргөн.
Ошондой эле 2021-жылы 29 журнал 72 миң нуска менен басылып чыккан. Алардын үчөө кыргыз тилинде болгон.
Быйыл кыргыз журналистикасына 98 жыл толду. Тарыхка кайрылсак, 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыздын тунгуч гезити «Эркин-Тоо» жарык көргөн. Ал учурда «Кыргыз Туусу» деген ат менен чыгып келет. Ушул күндүн урматына 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «7-ноябрды Кыргызстандын басма сөз күнү катары белгилөө жөнүндө» токтом кабыл алган.