• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Судья Осмоналиев абактан бошотулду

20 Жалган куран 2021 15:06 Бишкек Govori.TV

Келтирилген зыяндын бир бөлүгүнүн ордун толтурганына байланыштуу Жогорку соттун судьясы К.Осмоналиевге карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Булу тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-мартта билдирди.

Осмоналиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Осмоналиев Жогорку Соттун Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы болуп иштеп жүрүп, өзүмчүл максаттарды көздөп мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген чечимдерди кабыл алган. Басма сөз кызматы белгилегендей, Осмоналиев көптөгөн юридикалык объектилерге ээ болгон, алардын наркы анын мыйзамдуу кирешесинен 114 миллион сомго ашып кеткен.

«Тергөө учурунда Осмоналиев күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекеттин кирешесине 70 миллион сом кайтарып берген»,- деп айтылат маалыматта.

Судья мамлекетке келтирилген зыяндын калган бөлүгүн 3 айдын ичинде төлөп берүүгө милдеттендирилди. Буга байланыштуу, 20-мартта Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ага карата өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасы бекитилди.

Количество просмотров: 138