• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

«Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

6 Теке 20192:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.07.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 30-майында кабыл алынган.    

Бул Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө кызматтык милдеттерин аткарууда  материалдык сыйакы төлөп берүүнүн тартиби жана механизмдери аныкталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 15