Жаңы өкмөттүн курамына алымсынбай турам. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов билдирди.
«Радикалдуу реформа жасоо өтө кыйын. Тоскоолдуктар дагы көп болот. Бирок бизде чоң өзгөрүүлөрдү жасаганга толук мүмкүнчүлүк бар. Бүгүнкү курам канчалык реформа жүргүзө алат аны убакыт көргөзөт. Биригүүлөргө, жаңы кадамдарга баруу үчүн саясий эрк жана күчтүү команда керек. Азыркы өкмөт мүчөлөрүн күчтүү команда деп айта албайм, себеби алымсынбай турам»,-деди депутат.