• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сулайманов: Кумарканаларды органдын адамдары калкалап турат. Чоң күчтөр бар…

14 Бугу 2019 16:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Бардык көмүскөдө иштеп жаткан кумарканаларды органдын адамдары калкалап турат. Чоң күчтөр бар. Аларды текшерген адамдар өздөрү көзөмөлдөшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Азаттыктын» берүүсүндө билдирди.

Эске салсак, 13-майда Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана деп айтылган мекемени тартып жаткан учурда ”Азаттыктын” жана “Нур” телеканалынын кабарчыларына кароолчулар кол көтөргөн. Журналисттер Ош шаарындагы ”Делюкс” мейманканасынын капталында жайгашкан мекемени тартууга барышкан. Буга ири суммада акчасын уттуруп жиберген баланын ата-энесинин кайрылганы себеп болгон.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңештин айрым депутаттары айтып жүрүшөт.

Количество просмотров: 3