• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сулайманов премьердин ишин кескин сындады

12 Бугу 2020 11:59 Бишкек Govori.TV

Депутат Алтынбек Сулайманов ЖК комитет жыйынында өкмөт чоң реформаларды жасабаганын айтып чыкты.

«2 жылдан ашык премьер-министр болуп иштедиңиз. Чоң реформалады жасайбыз деп келгенсиз, 2 жылдан ашты сунуштарды алып келген жоксуздар. Буга эмне себеп болду? Тескерисинче мамлекеттик мекемелерди көбөйтүп, алардын бюджетин республикалык бюджеттен түздүңүз», — деди Сулайманов.

Депутатка жооп берген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта анализ кылгандарын айтты.

«Анализ кылгандан кийин азыркыдай түзүм менен иштеп турган оң болот деген жыйынтыкка келдик. Чоң өзгөрүүгө алып баруу үчүн каражатты табуу жолундабыз», — деди премьер-министр.

Депутат экономиканы өзгөртүүгө ким тоскоол болуп жатканын сурады. «3-4 айдан кийин сиз дагы кетесиз», — деди депутат. Өкмөт башчы «сиздер кайра келсеңиздер, аман-эсен болсок биз дагы кайра келебиз» деди. Депутат премьер-министрге колдоолор болуп жатканын айтты.

Количество просмотров: 780