• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алтынбек Сулайманов Аскарбек Шадиевдин атынан эч ким арыз жазбаганын айтты

5 Жетинин айы 2018 14:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.11.2018.Govori.TV

«Бир-Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Аскарбек Шадиев  арызды өзү жазганын айтып билдирүү таратты.
Анын айтымында, Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңеш менен БШКны чаташтырып жатат.
«Ал бизге кайрылган. Анын арызынын негизинде биз Боршайкомго кайрылып, мандаты алынды. Фракцияда эч ким анын атынан арыз жазган эмес», — деди Сулайманов.
Буга чейин Аскарбек Шадиевдин атынан жазылган билдирүү пайда болгон. Анда экс депутат фракциядан чыгуу жана мандатын тапшыруу боюнча арыз жазбаганын билдирген.
Бүгүн Бишкекте Аскарбек Шадиевдин иши боюнча соттук отурум өтөт.
Количество просмотров: 3