• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сулайманов: УКМК журналисттердин иликтөөлөрүнө тоскоол болбой, кызматташуусу зарыл

26 Үчтүн айы 2022 10:09 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет журналисттердин иликтөөлөрүнө тоскоол болбой, тескерисинче кызматташуусу зарыл. Мындай пикирин 25-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында «Альянс» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов билдирди.

«Акыркы күндөрү өлкөдө болуп жаткан окуялардын көпчүлүгү журналисттердин иликтөөлөрү аркылуу бети ачылып жатат. Кыргызстандагы эң чоң байлыктын бири — сөз эркиндиги. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет журналисттердин иликтөөлөрүнө тоскоол болбой, тескерисинче кызматташуусу зарыл. УКМК журналисттердин коопсуздугуна чоң кепилдик берип, аларды коргоп турушу керек. Журналисттерди куугунтуктоо менен коррупцияны жеңүүгө мүмкүн эмес», — деди Сулайманов.

Эске салсак, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүшкөн.

Журналисттер жана активисттер, акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде, төкмө акын Болот Назаров соттун чечими менен үй камагына чыккан. Темиров өзүнүн кармалышын акыркы иликтөөсүнө байланыштырып жатат.

Количество просмотров: 336