Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV.
Жогорку Кеңештин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаттары Алтынбек Сулайманов, Акылбек Жапаров кесиптештери менен бирге унааларды милдеттүү камсыздандырууга байланышкан Мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2 жылга узартууну сунушташты.
Тиешелүү Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Эл өкүлдөрү бул кадамдарын калктын кошумча чыгымдарга даяр эместиги, ошондой эле камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча камсыздандыруу компанияларына ишеним жок экени менен түшүндүрүшүүдө.
Сунушталып жаткан Мыйзам долбооруна ылайык, “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамынын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2021-жылдын 7-февралына чейин узартуу каралган.