Бүгүн 29-майда «Сулайман-Тоо» улуттук музей комплексинин чек арасын аныктоодо казык кагам. Бул туурасында Govori.TV маалымат агенттигине «Сулайман- Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин директору Абдыракматов Султанбек билдирди.
«Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн адисттери тарабынан такталып, Сулайман-Тоонун 75 гектар жери «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексине өтөт» -дейт Абдыракматов.
Эске сала кетсек, бул жер 2008- жылдан бери такталбай келген.
Белгилей кетсек, Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттиги Бабалар мурасы. Укмуштуу Кыргызстан деген аталыштагы долбоор менен Кыргызстанда уламыштарды өзүнө камтыган айылдар менен жеринен таанышып окурмандарыбызга инфографика, лонгрид аркылуу берип баштады. Буга чейин Талас облусуна барып айтылып келген уламыштар, кызыктуу маалыматтар менен таанышып келген.