• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сулайман-Тоо музейи тынч эмес

27 Бирдин айы 2018 13:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.02.2018.Govori.TV
Сулайман-Тоо музей комплексинде иштеген 30дай кызматкер пикетке чыгып жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылууда.
Пикетке чыккандардын айтымында, музей жетекчиси кызматкерлерге орой мамиле кылып, алардын укуктарын бузуп жатат. Ошондуктан алар музейдин директору Абдыкайым Кангелдиев менен кесиптик кошуундун жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып, нааразылык иретинде имаратка жатып алышты.
Сулайман-Тоо музейи — Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо жайгашкан этнографилык комплекс. Бул музейдин жетекчисин дайындоого байланыштуу буга чейин чыр чыккан. Былтыр ырчы Самара Каримова музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сын пикирине кабылган. Ошондон кийин ырчы бул кызматтан баш тартканын жарыялаган.
Андан соң учурдагы директор Абдыкайым Кангелдиев дайындалган/
Количество просмотров: 41