• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сулаймантоого Султан келди

27 Бугу 2018 4:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.05.2018. Govori.TV

Ош «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплексине жетекчи болуп, тарыхчы журналист Султан Абдыракманов дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Анда мурдагы жетекчи Абдыкайым Кангелдиев өз арызы менен иштен кеткени айтылат.

Эске сала кетсек, буга чейин ММКларда музейдин жамааты менен директордун ортосундагы келишпестиктер көп жолу жазылып,  ал тургай музейди оңдоп-түзөөдө мамлекеттик туунун тепселиши боюнча кылмыш иши козголгону маалым.

Султан Абдыракманов мурда КТРК «Доор аяны» автордук теле көрсөтүүсүн алып барчу, кийинчерээк ЭЛТР, ОшТВ телеканалдарында эмгектенип келген.

Количество просмотров: 10