• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Султанбаев: Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок

16 Бештин айы 2021 13:53 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттаган Токтобүбү Оргалча менен президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын байланышы тууралуу сөздөрдү четке каккан билдирүү таратты.

«Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШКнын чечимин саясатташтыруунун кереги жок. Биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота боюнча жобону өзгөрткөн. Анда «Альянс» партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Количество просмотров: 155