• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Султанбаев: Президенттин атына жамынгандардын баары жоопкерчиликке тартылат

16 Жетинин айы 2021 16:42 Бишкек Govori.TV

Өлкө президенти Садыр Жапаровдун атына жамынып пайдалангандардын баары жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, бул өзгөчө КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге тиешелүү.

«Бардык жарандар өлкө президенти шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүү үчүн чечкиндүү реформаларга барып жаткандыгына күбө болушууда. Садыр Жапаров шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн болуп көрбөгөндөй чараларды көрүп жатат. Ошондуктан, биз бардык жарандарды, мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүн мамлекет башчысынын атын кыянаттык менен пайдалануу фактылары болсо, токтоосуз түрдө билдирүүгө чакырабыз.

Өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен кандайдыр бир байланыштарына жамынган талапкерлер тууралуу жана аларга тийиштүү чараларды көрүү үчүн тез арада укук коргоо органдарына билдирүүңүздөрдү суранабыз», — деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров милицияга «Ишеним» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шерзодбек Умарбековго каршы арыз жолдогон. Анда аким талапкер телефондон президенттин атын атап опузалаганын жазган.

Количество просмотров: 143