• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Султанбаева: Айылдагы социалдык маселелерди чечүүгө көп көңүл бурдум

19 Бирдин айы 2023 14:47 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 52 жаштагы Эльмира Султанбаева, ал Ысык-Көл облусунан келген.

«Ак-Чий айылдык кеңешинин төрайымы болом. Учурда төртүнчү чакырылыштын депутатымын. Төрайымдыкка жеткенге чейин бийлик менен элдин ортосундагы көпүрөнү түзүү үчүн аракет жасадым. Себеби алыскы айыл болгондуктан ал жактагы социадык маселерди чечүүгө көңүл бурдум. Ар кандай долбоорлор менен иштешип, донорлорду тартып, бала бакча, спорт залга долбоор жаздык. Азыркы учурда айылдын эле эмес айыл аймактын көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып жатам», — деди ал.

Количество просмотров: 305