• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акыйкатчылык абактагы Аспеков менен Жоробековдун абалы менен таанышты

18 Бештин айы 2023 15:12 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери тергөө изоляторунда кармалгандардын, анын ичинде жарандык активист Афтандил Жоробековдун кармоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Афтандил Жоробековдун камерасында алты адам болгон, экөөнү иликтөө иштерине алып кетишкен, дагы экөө сейилде экени белгилүү болгон. Аталган камерада он адам жайгаштырылган болсо, ошол эле маалда камерага 8 керебет гана коюлган.

Мекеменин кызматкерлери кармалган эки адамды таңга маал алып келишкенин жана ушул эле күнү башка мекемеге этап кылышаарын маалымдашты.

«Афтандил Жоробеков камерада болгон эмес, аны таза абага дем алууга алып кетишкен экен. Институттун кызматкерлери сейилден келгенден кийин аны менен сүйлөштү. Жоробеков кармоо шарттарына жана ден соолугунун абалына даттанган жок. Жоробеков ага карата кабыл алынган баш коргоо чарасына макул эместигин, буга байланыштуу анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз бергенин кызматкерлерге билдирди. Ошондой эле кызматкерлер дагы бир жарандык активист Мелис Аспековдун кармоо шарттары менен таанышты», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Акыйкатчы институтуна аны ооруканага ден соолугун текшерүү үчүн жиберүү зарылдыгы жөнүндө арыз келип түшкөн, анткени Аспеков жүрөгү ооруп жатканын айткан.
1-тергөө абагынын кызматкерлери 21-декабрда жарандык активистти текшерүүдөн өткөрүш үчүн «Бикард» жеке менчик клиникасына жөнөтүшөөрүн билдиришти.

Количество просмотров: 97