• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акыйкатчы Чүйдун тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

26 Бештин айы 2023 17:38 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Чүй облусунун эли менен жолугушту, деп билдирет Акыйткатчы институтунун басма сөз кызматы.

Жолугушуу Чүй облустук администрациянын имаратында өттү.

Эл менен жолугушууга президенттин Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын жетекчиси, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, райондордун прокурорлору жана облустун прокурорунун орун басары катышты.

Ошондой эле акимдер жана областтагы башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жыйынга катышты.

Жашоочулар негизинен жер үлүштөрүн алууда алардын укуктары бузулганына, ошондой эле жер участокторуна тиешелүү талаштуу маселелерди чечүүдө мамлекеттик органдар чара көрбөй жатканына арызданышты.

Мындан тышкары, тургундар балдарына жөлөк пул, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда жана башка жагдайларда алардын укуктары бузулуп жатканын арызданышты.

Акимдер жана прокурорлор жарандардын арыздарына жеринде жооп берип жатышты.

Ысык-Ата районунун тургуну мамлекеттик органдарды дачаларда туруктуу жашаган элдин маселесин чечүүгө чакырды.

“Ысык-Ата районундагы «Сары Жон» дача участкасынын жашоочуларынын баардык укуктары бузулуп жатат — коомдук транспорт жок, каттоого тура албайбыз, анын кесепетинен башка мамлекеттик тейлөөлөрдү да ала албайбыз. Мындан тышкары шайлоо учурунда добуш да бере албайбыз. Сары Жонго айыл макамын берүүгө көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөбүз”, — деп кайрылды жолугушууга келген тургундардын бири.

Ысык-Ата районунун акими мындай көйгөй бул райондо гана эмес, дача участкалары бар башка райондордо да бар экенин айтып жооп узатты.

“Айыл макамына келе турган болсок, бул маселе мамлекеттик деңгээлде чечилет. Транспорт маселесине келсек — дача чарбаларында жолдор тар, ошондуктан транспорт маселеси чечилбейт”, — деп жооп берди аким.

Аламүдүн районунун Байтик айылында жашаган улгайган аял айылда коомдук транспорт көйгөйү бар экенин айтты.

“Биздин айылга жалаң кичи автобустар каттайт. Бизге окшогон улайган адамдарга, студенттерге маршурткаларда жүрүү кыйын. Ошондуктан автобустарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнөм. Кайсы гана жерге кайрылган жокпуз. Бирок автобустар эмдигиче жок”, — деп нааразы болду аял.

Чүй облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси областтык администрация чара көрүп жана тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жөнөтөөрүн айтты.

Москва районундагы Красный Октябрь айылынын жашоочусу айыл өкмөтү тарабынан анын укуктары бузулуп жатканына даттанды.

“Буга чейин жерди ижарага алып жана буудай айдагам, бирок түшүмүн башка адамдар жыйнап алышты. Жердин ижарасын айыл өкмөтүнө төлөгөм жана ошол жерге буудай айдагам. Бирок башка адамдар келип түшүмдү жыйнап кетишти, андан кийин аны аны сатып жиберишти. Ушул кезге чейин соттошуп жүрөм. Менин укуктарымды калыбына келтирүүгө жардам бериңиздер”, — деди ал.

Москва районунун акими анын ишин жеке көзөмөлүнө алаарын жана маселесин чечүүгө аракет кылаарын убада кылды.

“Менин кабыл алуума келиңиз, ишти изилдеп, укугуңузду калыбына келтирүүгө чараларды колдонобуз”, — деп ишендирди райондун акими.

Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын жашоочусу анын жер участогуна башка адамга “кызыл китеп” чыгарып беришкенин айтты.

“Айылдын картасын түзүүдө ката кетиришип жана жер мага таандык деген белгини алып салышкан. Арызданып, Мамлекеттик архитектурага арыз жазып жүргөнчө менин жериме башка адамга “кызыл китеп” чыгарып берип салышыптыр. Мындай маселе менде эле эмес экен. Мамлекеттик органдардын эшигин жыртып, арыз жазып жатабыз, бирок баары натыйжа берген жок. Бул иштин баш-аягы, качан бүтөөрү да көрүнбөйт”, — нааразы болду аял.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси бул ишти да өзүнүн жеке көзөмөлүнө алаарын жана аталган айылдын баардык тургундарынын укуктарын калыбына келтирүүгө чараларды кабыл алаарын айтып жооп узатты.

Көпчүлүк жашоочулар жолугушуу маалында жылдар бою жер участоктору үчүн соттошуп жүрүшкөнүн, анткени бир эле жер участогуна бир нече адамга “кызыл китеп” беришкенин айтып нааразы болушту.

Жергиликтүү бийлик органдары берген маалыматка таянсак, мындай фактылар абдан көп.

“Сот гана мындай чатактардын аягына чекит кое алат. Дал ушундай талаштуу жерлерди мамлекет өзүнүн карамагына кайтарып алган учурлар да бар”, — деп айтышты жолугушуу маалында жергиликтүү бийлик органдардын өкүлдөрү.

Ошондой эле Чүй облусунун тургундары жер участокторуна карата өздөрүнүн укуктарын ишке ашыра албай келе жатышканын айтышты, анткени айыл өкмөтүнүн карамагында жер жок.

“20 же 30 гектардан жерлерди “басып алышып” жана бул айыл өкмөттөрүндө жашабаган адамдарга эле жеке менчикке сатып салышкан. Мындан улам бизге жер үлүштөрү берилбей жатат, анткени жер жок. Ошондуктан биздин жер участокторун алууга болгон укугубузду калыбына келтирүүнү талап кылабыз”, — деп нааразы болушту Чүй облусунун тургундары.

Аламүдүн районунун Васильевка айылынын тургуну, анын туугандары баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ала албай жатышканына — анын инисинин уулу 4 жашка чыкканына карабай күбөлүк бербей жатышканына арызданды.

“Баланы мен багып жатам, анткени бир тууганымдын аялы Кыргызстанга кайтып келе албайт. Баланын апасы ал бир жашка чыкканда кеткен. Келиним коңшу мамлекеттин жараны болуп эсептелет. Мен инимдин баласын багып алайын десем, документ ала албай жатабыз, бала Кыргызстанда төрөлгөнүнө карабай, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Иним — Кыргызстандын жараны. Мамлекеттик органдардын босогосун таптап, канча барсак дагы натыйжа чыкпай жатат”, — деди аял.

Аламүдүн районунун Чекиш-Ата айылынын жашоочусу өз укуктарын коргоого көмөк сурады.

Аялдын айтымында, тергөөчү анын сиңдисинин колуна кишен салып, коркутуу жолу менен бир иш боюнча күнөөнү мойнуна алдырткан.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырды.

“Жашоочулардын арыздарын өз көзөмөлүбүзгө алабыз. Мамлекеттик органдар бүгүн жолугушууга келген адамдардын маселелерин чечүүгө милдеттүү. Өз кезегинде алардын укуктарын коргош үчүн чараларды колдонобуз”, — деп айтты акыйкатчы.

Количество просмотров: 76