• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Султанбай Айжигитов: Ворухка салына турган жол стратегиялык чоң ката

7 Бугу 2021 17:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча акыркы сүйлөшүүдө кол койгон протоколду тажик тарап биринчилерден болуп келишимди ачыкка чыгарды. Анда Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду эки тарап биргелешип курууну макулдашканы маалым болду. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап Кыргызстан менен кошо салат жана колдонот. Бул маалыматты кыргыз өкмөтү ырастады. Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов бул чечимди стратегиялык чоң ката катары баалады.

Анын айтымында, коридорду эки өлкө чогуу курат, бирок жыйынтыгында башкаруу Тажикстан тарапка өтөт. Коридор курулары менен, анын бир бети Баткен районун жарымы, Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен бир анклав болуп, экинчи жагы башка анклав болуп калуу коркунучу бар экенин, ошондой эле тажик тарап бара-бара кысым көрсөтүү менен элди чыгарып, коридордун күн батыш жагын толук өзүнө ээлик кылып алышы мүмкүн экенин эскертти.

«Бул улуттук кызыкчылыкка каршы келген протокол»,-деди Айжигитов.

Количество просмотров: 5235