БШК мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитов бүгүн, 2-апрелде парламенттин имаратына киргизилген жок.
Айжигитовдун айтымында, коопсуздук кызматкерлери аны имаратка киргизбей жатышат.
«Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы административдик сотко доо арыз менен кайрылгам. Алар да арызды кабыл алгылары келген жок, бирок биз аларды кабыл алууга көндүрө алдык. Мен соттолгон жокмун, мыйзамсыз түрдө мандатымдан ажыратылдым», – деген ал журналисттерге.