КТРКда өтүп жаткан дебат учурунда «Социал-Демократтар» партиясынын төрагасынын орун басары, ЖК депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбеков «Ата Мекен» партиясынан шайлоого аттанган ЖК депутаты Жанар Акаевге суроо узатып, партиянын короткон каражатынын булагына кызыкты.
«Эгер шайлоого эң эле таза адамдар болуп бара жатсаңыздар, анда эмне себептен шайлоодо көп каражат короткон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларынан кийин эле силер төртунчү болуп жатасыңар, тизмесинде миллиардерлер бар эмес, силер болуп жатасыздар? Силердин партия алар менен бирдей акча коротуп жатасыздар», — деди Султанбеков.
Өз кезегинде Жанар Акаев Султанбековдун суроосуна, «бирдей акча коротуп жатасыздар деген бир аз чындыкка туура келбейт» деп жооп берди.
«Биз башка партиялардай болуп каражатыбызды жашырган жокпуз, биз ачык көрсөттүк. Партиянын катарында өздөрүнүн таза ишкердик менен алек болгон адамдар бар, жана алар өз салымдарын кошушту. Сиз атаган үч партияга жарымынан да тең келбейбиз», — деди Акаев.