• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Султандарды эли кечиреби?

20 Бирдин айы 2023 16:23 Бишкек Govori.TV


Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттеринин чогултуп Дубайда жолугушуу өткөрдү. Бул жагдай Кыргызстандыктар үчүн күтүүсүз болуп, ар кандай ача пикирлерди жаратты. Качкын президенттердин кетирген күнөөсүн эли кечиреби? Биз азыр Бишкектин тургундарынын пикирин билип көрөбүз.
Аталган жолугушуу тууралуу Алмазбек Атамбаев кабары болбогонун айтып, кездешүүдөн кезексиз коштошпой чыгып кеткенин айтты. Ага жүйө катары Курманбек Бакиевдин кетирген катасын кечирүү кыйын болгонун келтирген.

Алмазбек Атамбаев мурдагы президент
«Ооба, экстердин жыйыны болгон. Мен ага катыштым. Экс-президенттердин арасынан мен гана жыйынга катышуу тууралуу маалыматым жок болуп чыкты. Мени президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев менен жолугушууга чакырып, эркин сүйлөшүп, эски таарынычтарды унуталы деп айтышты. Мен дагы өлкөдө тынчтык, биримдик болсун деп барганмын. Ал эми мен президент Жапаровдун жакшы ниетин баалайм. Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой, англисче чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлдү. Келечекте зарылчылык жаралса, албетте, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем», — деди Атамбаев.
Бул жолугушуу тууралуу алгачкы ажо Аскар Акаев да үн катты. Анда ал демилгени колдогонун билдирген.


«Жеке мен бул демилгени колдоп, Кыргызстандын бакубат келечеги жана коомдогу стабилдүүлүктүн бекемделиши үчүн кесиптештеримди макул болууга жана колдоого чакырдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы Кыргыз Республикасынын элин жалпы эл тарабынан шайланган Президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригүүгө жана азыркы түзүлгөн ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып, гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн экономикалык көтөрүлүш жасоого чакырам», — деп жазылат Акаевдин катында.


Ал арада айрым саясатчылыр да өз пикирин социалдык тармакка жазышты.

Эмилбек Каптагаев коомдук ишмер

Пенде пенде катары өзүнө карата жасалган итчиликти дагы, зордук-зомбулукту дагы кечиши мүмкүн, бул ар бир пенденин өз ыктыяры, өз эрки. Жараткан деле пенденин көптөгөн күнөөсүнө кечирим берип, бейишинен орун берип коюшу мүмкүн. Бирок ошол ай-ааламдын эгеси болгон Жараткан дагы пенденин башка пендеге карата жасаган күнөөсүн кече албайт, ал үчүн оболу жабыр тарткан пенде өзү кечириши керек. Алты пенденин аш үстүндө арманын айтышып, бири-бирин кектебей кечиштик дешкени бул пендечиликтин эле чегиндеги нерсе, пенде катары бири-бирин түшүнүп, бири-бирин кече беришсин, маа демектен достошуп, тамырлашып, кудалашып деле кетишсин, буга эч кандай каршылык жок. Президент Жапаров эң чоң сооп иш жасаптыр, араздашкан пенделерди жараштыруунун сообу көп экенин ар бир мусулман жакшы билет, «араздашкан эки кишини жараштырып койуу орозо, намаз жана садага берүүдөн да өйдө турган амал» — делет эмеспи Хадистерде. Албетте бул окуя жалпы консолидацияга жол ачат, өбөлгө түзөт, президенттин бул багыттагы аракети колдоого арзыйт, анткени өлкө үчүн ички биримдиктен, өз ара ынтымактан жогорку дөөлөт жок. Бирок ошол пенделердин ич ара келишкени, бири-бирин кечиришкени алардын ЭЛ алдындагы жоопкерчилигин, МАМЛЕКЕТ алдындагы жоопкерчилигин, ошол ЭЛди, ошол МАМЛЕКЕТти түзүп турган АДАМ алдындагы жоопкерчилигин жокко чыгара албайт да, маселенин бул жагы кандай болот? Кептин төркүнү ушунда… ушул суроого жооп өтө маанилүү, ал көп нерсенин башын ачат, келечекти аныктайт…

Азырынча Атамбаев менен Акаевден бөлөгү пикирин билдире элек. Бул жолугушуунун аягы эмне менен аяктап, өлкөгө кандай пайда алып келээрин убакыт көрсөтөт.

Количество просмотров: 1124