• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду

30 Жетинин айы 202212:23 Бишкек Govori.TV

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Султанов Омар Абдыразакович Кыргыз Республикасынын Швейцария конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Количество просмотров: 57