• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

“Супер-Инфо” менен SUPER.KG`нин жетекчилери иштен кетти

11 Баш оона 2020 18:34 Бишкек Govori.TV

«Супер-Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова кызматтан кетти. Маалыматты бүгүн, 11-августта Govori. TVга ырастады.

Шатманованын Фейсбуктагы баракчасына жазган маалыматка караганда, кетүү себеби саясий позициялардын туура келбей калуусу менен байланыштуу.

“Коомчулук үчүн бизде болгон бир жаңылыкты жарыялап коюуну туура көрдүм. Саясый позициябыз туура келбей калгандыгына байланыштуу “Супер-Инфодон” бир нечебизге (жетекчилер) кетүүгө туура келди. “Супер-Инфо” гезитинде акыркы 13 жылдан бери такай иштеп келиптирмин. Бул аралыкта команда менен биргеликте далай кызыктуу иштерден, сыноолордон да өттүк. Бул мезгил аралыгы мен үчүн эң баалуу мектеп да, жашоо да болуп калат”, – деп жазган Шатманова.

Эске салсак, былтыр Кыргызстандагы көп тираждуу «Супер инфо» гезити менен эң окумдуу Super. kg порталынын юридикалык кожоюндары алмашканы тууралуу маалымат тарап, басылма Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колуна өткөнүн айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. Гезиттин түзүүчүсү Кылычбек Султан муну четке каккан эле.

Количество просмотров: 216