• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

SuperTVнын кабарчысынын сабалышы боюнча экинчи шектүү кармалды

29 Жетинин айы 2022 16:15 Бишкек Govori.TV

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышына шектүү экинчи жаран кармалды. Бул тууралуу баш калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сот шектүү катары кармалган 2000-жылкы жаранды 18-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.

24-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Жоробековдун сабалышына шектүүлөрдүн бири кармалып, тергөө абагына камалганын билдирген.

Бактурсун Жоробеков аны бирөөлөр сабап кеткенин айтып милицияга 26-октябрда кайрылган. Ал бул окуяны өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатканын айткан.

Милиция билдиргендей, кылмышкерлер журналисттин чөнтөк телефонун жана капчыгын тартып алышкан.

Журналисттерге кол салынган учурлар Кыргызстанда мурда да катталган. Буга байланыштуу эл аралык укук коргоо органдары тынчсыздануусун билдиришкен.

Количество просмотров: 67