Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.
ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева «КТ Мобайл» компаниясынын тегерегинде жүрүп жаткан иштер тууралуу сөз кылып, бул окуя менен социалдык тармактар аркылуу тааныш экенин билдирди.
«Мен кечээ угуп калдым «КТ Мобайлдагылар» премьер-министрдин туугандары деген маалыматты. Эми иштебеген мекемеден 300 миң сом айлык алат деген албетте туура эмес. Ал эми ал кызматкердин иштен алынганы өз убагында болду. Абылгазиевдин туугандары анын аброюна катуу шек келтиришти»,- деген пикирин айтты.