• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сурабалдиева, Айтматова, Никитенко сурак берип чыгышты

11 Кулжа 2021 8:11 Бишкек Govori.TV

10-июнда «Кумтөр иши» боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, мурдагы депутаттар Элвира Сурабалдиева жана Ширин Айтматова күбө катары сурак берип чыгышты.

Никитенко жана Сурабалдиева күбө катары Аскер прокуратурасына чакырылган. Алар кайсы маселе боюнча күбө катары өткөнү айтыла элек.

Белгилей кетсек, буга чейин “Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. 

Количество просмотров: 232