Жогорку Кеңеш 19-декабрдагы жыйынында өрт коопсуздугу эрежесин бузгандарга салынган айыптын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун четке какты. Баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов учурда өрт коопсуздугу эрежелерин бузган жаранга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынарын жана бул көрсөткүч аз экенин белгилеген.
Депутат Элвира Сурабалдиева соңку учурда өкмөттүн айып салуу мүмкүнчүлүгү кеңейип жатканын, мындай чаралар ишкердикке кыйынчылык жаратарын айтып чыкты.
“Бизнестин жарымы камалып отурат, калган жарымынын түбүнө айып менен жетейин деп жатасыңарбы? Олчойгон айыпты коюп жатасыңар. Аны соода борборлорго, базарларга салганыңар менен аны баары бир чакан түйүндөр төлөйт. Өкмөт жарандарга шарт түзбөй эле, «бизнес өкмөт» болуп калдыңар. Жалаң айыптар… Жарандар коркконунан эле унчукпай турат”, — деди ал.
Добуш берүүдө 31 депутат каршы болуп, мыйзам долбоору четке кагылды.