• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сурабалдиева депутаттык шайлоого талапкерлигин көрсөттү. Дагы ким БШКга арыз берди?

2 Тогуздун айы 202515:04 Бишкек Govori.TV

2 -октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №23 шайлоо округу боюнча талапкерликке көрсөтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жөнүндө талапкер Эльвира Сурабалдиевадан биринчилерден болуп арыз келип түштү.

Ошондой эле БШКга дагы бир азыр, №4 шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Мамадумаров Ахмеджандан түшкөн.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшемби күнүнө дайындалган.

Количество просмотров: 951