• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сурабалдиева: Күнөөсү бар экенин түшүнбөгөн Бакиевди бекеринен эл куубаптыр

18 Бугу 2023 14:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жаңы маегине байланыштуу өз пикирин билдирди.

«13 жылдан бери актанып, «мен акмын» деп… Эгер таза болсо эмнеге качып кетти? деген чоң суроо туулуп жатат. Маекти көрдүм. Маркум атам жөнүндө айткан сөздөрүн апам көрүп жаман болду. Бул эмне деген акмакчылык? дегенден башка сөз жок. Таң калдырганы интервью алган адам Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы экен. Бул окуядан кийин Кадыр Кошалиевдин Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы болгонго моралдык укугу жок. 7-апрелде биздин жүздөгөн жарандарыбызды атып кетишти. Ошол кезде энесинин курсагында калган балдар он үчкө чыкты. Бул маекти көрүп алып алар кандай абалда отурушат? Күнөөсү бар экенин азыркыга чейин түшүнбөгөн Бакиевди бекеринен эл куубаптыр»,-деди Сурабалдиева.

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин жакында жарык көргөн маеги коомчулукта бир катар талкууларды жаратууда. 

Буга чейин УТРК Кадыр Кошалиев мурдагы президенттен маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине эч кандай маалымат бербегенин кабарлаган.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши каза болгон. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Курманбек Бакиевге карата 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка иштер боюнча сыртынан сот өкүмү чыгып, 30 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Количество просмотров: 335