• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Сурабалдиева Матраимовдун батирлерин УКМКга өткөрүп берүү боюнча токтомго кол коюудан баш тартууда

25 Бештин айы 202017:21 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Райымбек Матраимовдун мамлекетке бергени кабарланган батирлери мыйзамдуу жол менен өткөрүлүп берилбесе вице-премьер катары атайын токтомго кол койбой турганын «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Матраимовдордун конфискацияланган мүлкү боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана соттун чечими менен гана батирлер кайсы баланска берилсе же аукцион аркылуу сатылып, түшкөн каражат бюджетке которулса гана мыйзамдуу болот. Башка жол жок, андыктан мен вице-премьер министр катары башка токтомдорго кол койбойм», — дейт ал.

Эске салсак, Бишкекте өткөн 24-декабрдагы басма сөз жыйынында мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке өткөрүп берген тогуз батирдин сегизи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине бериле турганын билдирди.

Бул билдирүүдөн кийин Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын арасында жана социалдык медиада батирлерди жетим балдарга, дарыгерлерге же мугалимдерге берүү маселеси көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 59