• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Суракматовго премьер Абылгазиев мэрдин күбөлүгүн өзү тапшырды

14 Баш оона 201812:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.08.2018.Govori.TV.
Бишкектин жаңы мэри Азиз Суракматовту мэриянын жамаатына тааныштырыш үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү келди.
Премьер жаңы мэрге борбор калааны адамдар үчүн ыңгайлуу шаарга айлантуу тапшырмасы коюлганын жана ал бул милдетти аткарарына ишенерин билдирдирип, ишине ийгилик каалады.
Азиз Суракматов кайсы иштерге басым жасай турганын айтты.
«Борборубуздун гүлдөп, өнүккөн жана таза шаар болушу үчүн шаардык кеңеш менен биргеликте иш алып барабыз», — деди өз сөзүндө.
Ошондой эле Суракматов Бишкектин бюджетинин киреше бөлүгүн жогорулатып, инфраструктараны өнүктүрө турганын билдирди.
Кошумчалай кетсек, жаңы мэр журналисттерге берген маалыматында, эски команданы азырынча өзгөртпөй турганын айткан, бирок мэрди шайлоо чечими БШКдан чыккандан кийин, бул суроого кайра көнүл бөлөөрүн айтты.
Количество просмотров: 66