• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Сурактан кийин өлгөн кишинин жакындары милиция имаратында нааразылык өткөрүштү

7 Кулжа 2023 14:49 Бишкек Govori.TV

Ташкент облусундагы Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында кыйноого кабылды делген 36 жаштагы жаран каза болду.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул окуяга байланыштуу райондук милиция бөлүмүнүн бардык жетекчилери кызматтан алынганын, эки ыкчам кызматкер камалганын кабарлады. Бирок расмий билдирүүдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери кыйноо колдонгону жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Болгону маркумдун денесинде көгала тактар болгону белгиленген.

Коомчулукка бул окуя тууралуу маркумдун туугандары нааразылык билдиргенден кийин гана белгилүү болду. Жакындары райондук ички иштер бөлүмүнө барып, дарбазасын тепкилеп, ичкери кирүүгө аракет кылышкан.

Маалыматка караганда, маркум уурулук шеги менен 3-июнда кармалган. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери процессуалдык эрежелерди бузуу менен аны тергөө бөлмөсүндө эмес, кызматтык бөлмөдө суракка алышкан. Сурак учурунда анын абалы начарлап, тез жардам чакыртылган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, маркум курсак туштан сокку алып, муунтулганы аныкталган.

22-майда Сурхандарыя облусунун 21 жаштагы жашоочусу сурак учурунда ажатканага суранып чыгып, төртүнчү кабаттан секирип кеткени айтылган. Ал 29-майда өзүнө келбей, ооруканада көз жумган. Жакындары ал кыйноого кабылганын билдирүүдө.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун 24-майда жарыялаган баяндамасында Өзбекстандагы жабык мекемелерде кыйноо жана ырайымсыз мамиле өкүм сүрүп жатканы айтылат.

Количество просмотров: 151