Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна жаңы объект курулат. Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган үч долбоор сунушталды. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат жети кабаттан турат. Шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган.
Бирок, азырынча 2010-жылы элдик толкундоолор убагында өрттөлгөн бул имараттын ордуна кандай курулуш салына турганы так айтыла элек.
Ал эми Govori.TV окурмандардын оюн билип көрүүнү чечти.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Киев көчөсүндө жайгашкан башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган.