Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда курултай чакыруу боюнча жарлыкка кол коюп, “Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо” жарлыгын бекитти. Курултайды уюштуруу боюнча даярдыктар башталып, аны менен катар ар кандай талкуулар да айтыла баштады.
Ал эми президент Садыр Жапаров элдик курултай өткөрүү жана делегат тандоо боюнча пикирин фейсбуктагы баракчасына 17-августта жазган. Анда мыйзам кабыл алынганга чейин элдик курултайды жарлык менен чогултууну туура көргөнүн жана анда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин билдирди. Президент курултайга аймактардан делегат тандоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнө тыюу салынганын айтты.
Эске салсак, буга чейин ЖКнын тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган, бирок документтин концепциясы колдоо тапкан эмес. Жыйында бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз каранды экенине байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыккан жана сын-доомат айтылган.
Ал эми сиздин Элдик курултай чогултуу демилгеси боюнча пикириңиз кандай?