• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сурамжылоо: Эл кайсы саясатчыга ишенет?

1 Жалган куран 2024 11:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге болгон ишенимдин деңгээли акыркы сегиз айда жогорулаган. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун (IRI) соңку сурамжылоосунда маалымдалган.

2024-жылдын январь айында жүргүзүлгөн сурамжылоо респонденттердин 37 пайызы Садыр Жапаровго көбүрөөк ишенерин көрсөткөн. Дагы 22 пайызы Камчыбек Ташиевге, 12 пайызы Нуржигит Кадырбековго. Калган добуштар башка 17 саясатчыга, анын ичинде эки аял – Элвира Сурабалдиева менен Роза Отунбаевага бөлүштүрүлгөн.

2022-жылдын сентябрында мамлекет башчыга респонденттердин 38 пайызы ишенсе, 2023-жылдын май айында ишеним 35 пайызга чейин төмөндөгөн.

Количество просмотров: 136