Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын Тургунбек уулу деп расмий өзгөрткөнүн билдирди.
«Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече вариант берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм»,-деген спикер.
Эске салсак, өткөн айда парламент кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырган. Документте жарандардын фамилиясын, атасынын атын жазууда үч вариант сунушталган. Мисалы, Асанов Үсөн Эсенович жаңы сунушка ылайык, Үсөн Асан Эсен уулу кылып өзгөртө алат. Аял болсо, атасынын атына “кызы” деп уланат. Экинчи вариантта чоң атасынын атына “теги” мүчөсү уланып, кошулуп жазылат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсен уулу деп аталат. Дагы бир вариант катары фамилияга чоң атасынын ысымы кошулганда, атасынын атына эркектер үчүн илик жөндөмөнүн мүчөсү уланып жазылат. Ал эми аялдар үчүн чыгыш жөндөмүн мүчөсү кошулат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсендин, аял болсо, Асантеги Айгүл Эсенден.
Белиглей кетсек, учурда аты-жөнүн жазуунун бир канча вариантына жол берилет. Жаран фамилиясына чоң атасынын ысымын жана ага “тегин” мүчөсүн кошуп каттала алат. Мындан тышкары “уулу”, “кызы” болуп жазылса болот. Ошондой эле “-ов,-ев, -ова, -ева” мүчөлөрү кошулган фамилияларды тандай алат.