• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сурамжылоо: Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

4 Аяк оона 202310:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров «Ош» базары менен батыш жана чыгыш автобекеттерин шаардын тышына көчүрүү долбоорлору бар экенин билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорлорду ишке ашыруу жазында башталат.

«Ош базарындагы ири соода комплекстеринин ээлери буга каршы эмес. Базарды көчүрүү экономикалык жактан пайдалуу. Негизи эле бардык өнөр жай базалары менен объектилерди шаардын тышына чыгарыш керек. Ошондо шаарыбыз жашыл, кооз болот. Садыр Жапаров бизди колдоп, туура жолдо баратканыбызды айтты», — деди мэр.

Ал эми сиз бул тууралуу кандай пикирдесиз.

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 558