• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сурамжылоо: Президентке жаңы учак сатып берүү керекпи?

7 Бирдин айы 2022 16:40 Бишкек Govori.TV

Өлкө жетекчилиги бир катар чет өлкөлөргө болгон сапарга кымбат учактарды ижарага алып барганы маалым. Бул коомчулук тарабынан ар түрдүү сын кептер менен коштолуп келет. Айрымдары бул жагдайды жөн эле акча коротуу десе, бийлик мындай чечим президенттин, премьер-министрдин, спикердин иш сапарларында колдонулуучу учактар эскирип калганы менен түшүндүрүп келет.

Кыргызстандын президентине жаңы учак сатып алуу сунушу буга чейинки ажолордун учурунда эле айтылып келген. Ал үчүн 80-100 млн доллар керектелери, бирок мамлекетте да жеке компанияларда да мындай каражат жок экени белгиленген.

Буга чейин бийлик мамлекеттин жогорку жетекчилерин ташыган авиакомпания жаңы учак сатып алууну көздөп жатканын да кабарлаган.

Количество просмотров: 2501