• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сурамжылоо: Садыр Жапаров жаңы өкмөт үйүнө ат берүүнү сунуштады. Сизге кайсы аталыш жакты?

10 Тогуздун айы 2023 18:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрда президент Садыр Жапаров Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын билдирип, элден имаратка ат коюуга жардам сураган.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Президенттик Администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Ага ат коюшубуз керек болуп жатат. Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо», «Ынтымак Ордо» деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер»,-деди Жапаров.

Эске салсак, президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна 2022-жылдын апрель айында капсула салынган. Жаңы салынып жаткан имараттын аянты 21 миң чарчы метрди түзөт.

Количество просмотров: 125