• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сурамжылоо: Сиздин пикириңизде Бишкекти каптаган кара түтүндүн себеби эмнеде?

20 Үчтүн айы 2023 11:44 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 19-январга карата индексинде Бишкек биринчи сапка чыкты. Ага ылайык, абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Бишкектин кийинки беш орунда Индиянын Дели, Мумбай, Бангладештин Дакка, Пакистандын Лахор, Өзбекстандын Ташкент шаарлары турат. Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

Адистер абанын булганышы бир гана өпкө ооруларына алып келбестен, ички органдарды жабыркатып, жүрөктү алсыратып, көк боор, ашказан, өт сыяктуу органдардын ишин бузарын айтып келишет. Ал эми Бишкек жетекчилиги калааны каптаган кара түтүндүн 70-75 пайызы жагылган көмүрдөн чыгып жатканын айтып, жарандардан таштанды жакпоону өтүнүп келет.

Акыркы мезгилде кыш келери менен абанын булганганы Бишкек үчүн адаттагы көрүнүш болуп калганы менен бирге анын келип чыгуусунун ар түрдүү себептери да айтылып келет.

Мындан улам сурамжылоо кылууну туура көрдүк.

Количество просмотров: 185